Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Балдарга ырайымсыз мамиле жасоо фактыларынын алдын алуу боюнча координацияланган чаралар тез арада иштелип чыгууга тийиш”

Балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо фактылары кайталангандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өкмөткө мындай окуялардын алдын алуу боюнча тез арада координацияланган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча тапшырма берди.

Чүй облусунун Озерное айылынан катуу сабалып, эс учунан танып жаткан эки жашар бала боюнча Мамлекет башчысы наристени сактап калуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга, окуянын себептерин терең териштирүүнү камсыз кылууга милдеттендирди.

Кыргызстандын Президентинин пикири боюнча мамлекеттик органдар ооруканага катуу сабалган кичинекей балдар жатып калган коркунучтуу тенденцияга каршы туруунун жолдорун жана каражаттарын иштеп чыгууга милдеттүү. Кичинекей балдарга зомбулук көрсөткөндөргө карата мыйзамда  катуу жаза кароону кошо камтуу менен бирге, үй-бүлөдө зомбулуктун себептерин жоюуну камсыз кылган  чаралардын комплекси зарыл.

Жапа чеккен балдардын туугандары зомбулук көрсөткөндөрдү коргоп чыккан терс  тажрыйбадан улам, коомдук  аң-сезимде зомбулукту айыптоо маанайын түзүү үчүн бир катар маалыматтык-түшүндүрүү чараларын иштеп чыгуу зарыл.

Президент Алмазбек Атамбаев: “Балдар толугу менен мамлекеттин, коомдун жана үй-бүлөнүн  коргоосунда болууга тийиш. Балдарга  аяр мамиле жасап, алардын ден-соолугу, келечеги тууралуу камкордук көрүү аркылуу гана биз эркин жана гүлдөп өнүккөн Кыргызстан кура алабыз”, - деп эсептейт.

2015-жыл 14-январь