Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Талас шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо» долбоорун финансылоо боюнча макулдашуулар ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылдын 25-январында Бишкек шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Талас шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо» долбоорун финансылоо жөнүндө насыялык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы, Талас шаарынын мэриясы, «Таза-Суу» муниципалдык ишканасы жана Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Талас шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо» долбооруна финансылык жардам берүү жөнүндө Борбордук Азия боюнча Европа Союзунун Инвестициялык фондунун (IFCA) жана Глобалдык экологиялык фондунун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фондунун (SCCF) инвестициялык грантына карата жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 14-январь