Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү салтанатына катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 14-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү салтанатына катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынындагы салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов ант беришти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул мүчөлөрү буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыктары менен дайындалган.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев дагы катышышты.

2015-жыл 14-январь