Бүгүн, 2015-жылдын 13-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн кайра куралдандыруунун жүрүшү, ошондой эле өлкөнүн коргоо жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча борбордук орган тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.