Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 12-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына министр Баткен облусуна жасаган жумушчу сапарынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Министр жумушчу сапарында облустагы автомобиль жолдорунун жана транспорттук инфраструктуранын курулушу жана реабилитациялоонун жүрүшүн текшерип келген.

Тактап айтканда Калыкбек Султанов «Көкташ-Аксай-Тамдык-Кишемиш» жана «Аксай-Рават» автожолдорундагы жүргүзүлүп жаткан иштер, «Ош-Баткен-Исфана» автожолун реабилитациялоонун жүрүшү, ошондой эле Баткен облусунун Лейлек районундагы стратегиялык мааниге ээ болгон  көпүрөлөрдүн курулуштары тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары транспорт жана коммуникациялар министри өлкөнүн региондорун «Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад» жаңы каттам боюнча бириктирген альтернативдүү автомобиль жолунун курулушу толук кандуу жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон транспорттук долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы транспорт жана коммуникациялар министрлигине үстүбүздөгү жылга пландаштырылган жумуштарды белгиленген мөөнөттө аткарып, сапат маселесине өзгөчө маани берүү боюнча тапшырма берди.

2015-жыл 12-январь