Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Президенти Франсуа Олландка «Шарли Эбдо» журналынын редакциясындагы терактка байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 8-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Франция Республикасынын Президенти Франсуа Олландка «Шарли Эбдо» журналынын редакциясындагы террористтик актка байланыштуу көңүл айтты.

“Адам өмүрлөрүн алып кеткен «Шарли Эбдо» журналынын редакциясындагы теракт жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы эл аралык коопсуздукка жана жарандардын бейпилдигине коркунуч келтирген экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрлөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалагандыгын билдирди.

2015-жыл 8-январь