Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри менен отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорун кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 8-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаевди кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандан импорттолгон электрэнергиясынын көлөмү азайгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүү боюнча тапшырма берди.

2015-жыл 8-январь