Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 3-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек  Турдубаевди кабыл алды.

Министр Мамлекет башчысын өлкөнүн түштүк регионунда компания Өзбекстандан жаратылыш газын кайрадан берүү башталгандан бери «Газпром Кыргызстандын» абоненттерине этап-этап менен газга туташтыруу ишинин аяктагандыгы тууралуу маалымдады.

Кубанычбек Турдубаев ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевге  жаңы жылдык майрамдарда өлкөнүн энергетика системасынын иши жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетиктердин 2015-жылдагы пландары жана Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы  Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон аталган энергетикалык долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

2015-жыл 3-январь