Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине Жаңы жыл менен куттуктоо телеграммалары келип түшүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Жаңы жылга байланыштуу куттуктоо телеграммалары келип түшүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин төмөндөгүлөр куттуктады: Норвегиянын Королу Харальд V, Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хе, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Италия Республикасынын Президенти Джорджио Наполитано, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдуу Президенти Йоахим Гаук, Германия Федеративдүү Республикасынын  Федералдуу  Канцлери Ангела Меркель,Улуу Британиянын Премьер-министри Дэвид Кэмерон, Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ.

Куттуктоо телеграммаларында Президент Алмазбек Атамбаевге жана Кыргызстан элине Жаңы жылга байланыштуу жакшы каалоо тилектер билдирилген.

2014-жыл 31-декабрь