Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу макулдашуу ратификацияланды

2014-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлганКыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.

Ушул эле күнү, 2014-жылдын 30-декабрында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын Улуттук банктагы эсебине уставдык капиталды калыптандыруу үчүн Россия Федерациясынан алгачкы 100 млн. АКШ доллары келип түштү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда макулдашуу 2014-жылдын 29-майында евразиялык экономикалык интеграциянын шарттарында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ишке ашыруунун алкагында  иштелип чыгып, кол коюлду.

Ратификацияланган Макулдашууга ылайык уставдык капиталы 500 млн. АКШ доллары болгон Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлөт. Мындан тышкары Россия тарап 500 млн. АКШ доллар суммасына займды Фонддун ишине тартуу боюнча милдетти өз мойнуна алды.

Макулдашууга ылайык Фонд Кыргызстандын экономикасынын  приоритеттүү секторлорунда, анын ичинде агроөнөр жай комплексинде, кийим тигүү, текстиль жана иштетүү өнөр жайында өзүн өзү актаган долбоорлорду каржылайт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

2014-жыл 31-декабрь