Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Россия Федерациясыныны Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады.

“Узап бара жаткан жыл Россия менен Кыргызстандын практикалык кызматташуусунун бардык комплексин алга жылдырууда олуттуу жыйынтыктар менен белгиленди. Эки тараптуу соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштар туруктуу ыргакта өнүктү, Кыргызстанды Евразиялык экономикалык союзга толук кандуу кошуу тууралуу маанилүү чечимдер кабыл алынды”, - деп белгиленет Дмитрий Медведевдин куттуктоо телеграммасында.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы ошондой эле россиялык-кыргызстандык өз ара аракеттенишүүнү мындан ары күчөтүү, энергетикалык, өнөр жай жана инфраструктуралык биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкөнүн түптүү кызыкчылыктарына толугу менен жооп берет деген ишеними билдирген.

Дмитрий Медведев Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, мамлекеттик  ишмердигине ийгилик, ал эми бардык  кыргызстандыктарга - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2014-жыл 31-декабрь