Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында Президент Нурсултан Назарбаев жалпы казакстандыктардын атынан Президент Алмазбек Атамбаевди Жаңы 2015-жылы менен куттуктады.
Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине ийгилик, ал эми боордош Кыргызстан элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.