Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Ильхам Алиев Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук мамилелер жана ар тараптуу кызматташуу Жаңы 2015-жылы эки элдин жана эки өлкөнүн өнүгүүсү жана гүлдөшү үчүн мындан ары бекемделе берет деген ишенимин билдирди.

Ильхам Алиев Алмазбек Атамбаевге ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгилик, ал эми боордош  Кыргызстан элине - тынчтык, бакубатчылык каалады.

2014-жыл 31-декабрь