Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

 “Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты биргелешкен аракеттер менен мындан ары дагы бекемдеп, конструктивдүү өз ара аракеттенишүүнү, анын ичинде Евразиялык интеграциялык процесстин алкагында  күчөтө беребиз деп ишенем. Бул Россия менен Кыргызстандын достошкон элдеринин кызыкчылыктарына  толук төп келет”,- деп белгиленет телеграммада.

Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга - тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2014-жыл 31-декабрь