Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Малайзиянын Королу Абдул Халим Муадзам Шахка самолеттун кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2014-жылдын 30-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АтамбаевМалайзиянын Королу Абдул Халим Муадзам Шахка самолеттун кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.

“2014-жылдын 28-декабрында малайзиялык авиакомпаниянын самолету кыйрап, натыйжада ондогон адамдар каза тапкандыгы тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан сөздөрүн жолдоду.

2014-жыл 30-декабрь