Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Жогорку соттун Төрайымы менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 30-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Жогорку соттун Төрайымы Феруза Джамашева менен жолугушту.

Жолугушууда 2014-жылдын жыйынтыктары жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин 2015-жылга пландары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев өтүп бара жаткан жыл кыйын болуп, бирок жалпысынан өлкө үчүн жакшы болгонун белгиледи. “Биргеликте биз өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөнү уланттык, Кыргызстанды өнүктүрүүдө маанилүү кадамдарды жасадык. Өлкөгө туруктуулук келди”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

“Системалуу коррупцияга каршы күрөш жана соттук реформа жүрүп жатат. Биз биргелешкен аракеттер менен тартипти жана мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөдө маанилүү ийгиликтерге жетебиз”, - деди Мамлекет башчысы жолугушуунун жүрүшүндө.

“Узап бара жаткан жылдын эң маанилүү жетишкендиктердин бири - эл аралык коомчулук жана биз өзүбүз Кыргызстанды кедей өлкө деп эсептебей калдык, - деп белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев. – Бул өлкөнүн өзгөрүлүп, күчтөнүп келе жатканынан кабар берет”.

“Кыргызстан жакынкы жылдары чыныгы эгемендүү жана өнүккөн өлкө болуш үчүн биз баарыбыз дагы көп иштешибиз керек”, - деп баса белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы жаңы жылда мамлекеттик бийликтин бардык үч бутактарынын башчыларына Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн ийгиликтерди каалады.

2014-жыл 30-декабрь