Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин жыйындарына катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 23-декабрында, Россия Федерациянын Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин тар жана кеңири курамда сессиясына катышты.

Россиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Армениянын жана Белоруссиянын Президенттери глобалдуу жана регионалдык коопсуздук коркунучтарынын алкагында ЖККУнун кризистик чара көрүү системасын талкуулашты.

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев «ушундай кыйын учурда бул керектүү жана зарыл жолугушуу» экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле россиялык тараптын Уюмдагы төрагалыгы жемиштүү болуп, ЖККУ өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн жана жамааттык коопсуздук системасынын мындан аркы өнүгүүсүнө жана бекемдөөсүнө жардам бергендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы 2015-жылы төрагалык өткөн Тажикстанга артыкчылыктуу максаттарга жетүү ишине ийгилик каалады.

Алмазбек Атамбаев ЖККУнун башкы маселелердин бири - аскер-саясий кызматташтыкты координациялоо жана тереңдетүү болуп эсептелгенин белгиледи. “Биздин жалпы ишибиз региондук коопсуздукту сактоого өз салымын кошот деп ишенем. Биздин боордош элдерибиздин тынчтыгын жана сактоо жана коопсуздугун камсыз кылуу – биздин парзыбыз, анткени биз эмдиги жылы 70 жыл боло турган Улуу жеңиштин мураскорлорубуз”, - деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле ЖККУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунучту мурункудай эле Афганистандагы кырдаал келтиргенин белгиледи. “Афганистандын ичинде, ошондой эле анын сыртындагы кырдаалдын оор болушу биздин уюмдун ишмердүүлүгүнүн келечектерин мындан аркы талкуулоосунун зарылдыгын белгилейт”, - деди Мамлекет башчысы.

Президент ошондой эле Кыргызстан региондук жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган идеяларды жана демилгелерди колдоорун жана мындан ары да ЖККУнун жооптуу катышуучусу болоорун ырастады.

Кеңири курамда жыйындын жыйынтыгында  ЖККУ мүчө-мамлекет башчыларынын Билдирүүсүнө, ошондой эле ЖККУ алкагында тышкы саясаттын координациялоону жогорулатууга, Уюмдун аскер тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө, терроризмге каршы күрөшүүгө, маалыматтык коопсуздук жана кадрларды даярдоо маселелерине байланышкан Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2 Протоколуна жана 18 Чечимге кол коюлду.

2014-жыл 23-декабрь