Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 19-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча Башкы штаб тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштин, ошондой эле өлкөнүн аскер түзүмдөрүн бекемдөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Башкы штабдын начальниги Асанбек Алымкожоев Кыргыз Республикасынын аскердик башкаруусунун борбордук органынын, анын ичинде эл аралык кызматташтык жагындагы ишмердүүлүгүнүн маселелерин талкуулашты.

2014-жыл 19-декабрь