Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Пакистандын Президенти Мамнун Хуссейнге Пешавар шаарында террористтик актка байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2014-жылдын 17-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейнге Пешавар шаарында террористтик актка байланыштуу көңүл айтты.

“Көпчүлүгү күнөөсү жок балдар болгон көптөгөн курмандыктарга алып келген Пакистандын түндүгүндөгү Пешавар шаарында мектепке куралчандардын кол салганы тууралуу трагедиялык кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, ошондой эле ушул трагедиянын натыйжасында жапа чеккендердин бардыгы тезирээк айыгып кетишин каалады.

2014-жыл 17-декабрь