Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Нурсултан Назарбаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 16-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы бүгүн эл аралык аренада татыктуу орун ээлеген Казакстандын жетишкендиктерин жана ийгиликтерин Кыргызстан кубануу менен кабыл алаарын белгиледи.

“Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы салттуу достук, союздаштык жана стратегиялык мамилелер боордош элдерибиздин жакшылыгы үчүн кыйшаюусуз өнүгүп, тереңдейт деп ишенем”, - деп айтылат Президенттин телеграммасында. 

Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевге чың ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми Казакстандын боордош элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2014-жыл 16-декабрь