Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Мэлис Мамбетжановду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 16-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууФинансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Мэлис Мамбетжановдукабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ишмердигине тиешелүү маселелер, ошондой эле үстүбүздөгү жылдагы ведомствонун ишинин жыйынтыктары талкууланды.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Мэлис Мамбетжанов эл аралык кызматташуу иштери, анын ичинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн башчыларынын Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш чаралар туурасында айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев инвестициялык жагдайды жакшыртуу жана өлкөнүн эл аралык имиджин жогорулатуу үчүн акчанын изин жашырууга каршы финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) «боз тизмесинен» Кыргызстандын чыгарылышынын маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы финансылык терроризмге жана экстремизмге, ошондой эле  кылмыштуу жол менен алынган керешелерге каршы туруу боюнча иштерди өркүндөтүү максатында Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана эл аралык институттар менен мындан ары дагы өз ара аракеттенүүсүнүн зарылчылыгын белгиледи.

2014-жыл 16-декабрь