Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 15-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн Социалдык фондунун ишмердигинин түрдүү маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясынын алкагында фонддун ишин өркүндөтүү боюнча пландар талкууланды.

Мухамметкалый Абулгазиев Президент Алмазбек Атамбаевге Кыргызстанда 2014-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялар жогорулатылгандыгын, эми пенсиянын орточо өлчөмү 4 600 сомго жеткирилгендигин маалымдады.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын айтымында майыптыгына байланыштуу пенсия алган 9 миңден ашуун пенсионерлердин пенсия өлчөмү өлкөдөгү пенсионерлердин белгиленген жашоо минимум деңгээлине жеткирилген. Мухамметкалый Абулгазиев маалымдагандай, аталган категориядагы пенсионерлердин пенсия өлчөмү буга чейин белгиленген жашоо минимумунан төмөн болгон.

Президент Алмазбек Атамбаев пенсиялык камсыздоо системасынын туруктуулугун мындан ары чыңдоонун маанисин белгиледи. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду өзүнүн бардык милдеттерин өз учурунда аткарууга тийиш экендигин баса белгиледи.

2014-жыл 15-декабрь