Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 12-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУ ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланып, ошондой эле Россия Федерациясынын Москва шаарында боло турган Уюмдун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын күн тартиби каралды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжа регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу жана Уюмдун алкагында ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелерине көңүл бурушту.

2014-жыл 12-декабрь