Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 11-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына кышкысын элге жылуулук берүү мезгилинде өлкөнүн энергетикалык системасынын иши тууралуу маалымат берилди.

Кубанычбек Турдубаев ошондой эле өлкөгө электрэнергиянын тартыштыгын жапканга мүмкүнчүлүк берген Казакстан Республикасынын импорттук электрэнергиянын келгенин айтып берди.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри жаратылыш көмүрүнөн газ чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш тууралуу маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын энергетика системасынын туруктуу жана ишенимдүү иштешинин маанисин белгиледи. Мамлекет башчысы калкты жана өнөр жай объектилери электрэнергиясын көп колдонгон мезгилде электрэнергия менен тынымсыз камсыз кылуунун зарылдыгын баса белгиледи.

2014-жыл 11-декабрь