Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Телекөрсөтүү менен радио кыргызстандыктардын күндөлүк турмушуна терең аралашып, маалымат алуунун булагына, коомдук пикирди калыптандыруунун натыйжалуу аспабына айланып калды. Бул жагдай коом алдында жана мамлекет алдында зор жоопкерчилик жүктөйт. Сиздердин милдет - бийлик менен коом ортосундагы диалогду камсыздоо, элдин кызыкчылыктарына кызмат кылуу, өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту, жалпы адамзаттык руханий жана маданий баалуулуктарды сактоо.

Кыргызстан Борбордук Азияда алгачкылардан болуп калыптануунун маанилүү тилкесинде турган коомдук телекөрсөтүүнү өнүктүрүп жаткандыгы менен сыймыктансак болот. Учурда мамлекетибиз санариптик көрсөтүүгө өтүүгө бардык күч-аракетин жумшап жатат.

Өлкөбүз өңдүү эле телекөрсөтүү менен радио дагы өнүгүүнүн татаал жолун басып өттү. Бүгүнкү күндө теле жана радио программалардын сапатын жаңы деңгээлге көтөрүү керек. Жаратмандыктын кеңири жолуна бурулуп, билим берүү жана агартуучулук милдетке басым жасоо зарыл. Сиздер жалпы улуттук улуу максаттын тегерегине элди бириктирүүдө чечүүчү милдет өтөй аласыздар. Бул иш колуңардан келет. Тынчтыкты жана элдердин ынтымагын сактоо, демек, өлкөбүздүн келечеги көбүнесе сиздердин кесипкөйлүгүңөргө жана жоопкерчилигиңерге жараша болот.

Сиздер ар дайым турмушту объективдүү чагылдырууга умтуласыздар, көрөрмандардын жана угармандардын чындыкка жана калыс маалыматка болгон укугун туу тутасыздар деп ойлойм. Биздин максатыбыз бир - мамлекеттүүлүктү бекемдөө, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо, күчтүү жана өнүккөн мамлекет куруу үчүн Кыргызстандагы бардык салабаттуу күчтөрдүн башын бириктирүү.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!

           

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                           Алмазбек Атамбаев

2014-жыл 8-декабрь