Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби жана Дубайдын Соода-өнөр жай палаталарынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 7-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапарынын алкагында Дубайдын Соода-өнөр жай палаталарынын төрагасы Абдуль Рахман Саиф Аль Гурайр баш болгон Абу-Даби жана Дубай Соода-өнөр жай палаталарынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, өлкөнүн экономикасынын перспективалуу тармактарында токтолду. Тактап айтканда, Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр жай палаталарынын мүчөлөрүн тоо-өнөр жай, энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү, транспорт жана туризм чөйрөлөрүндө инвестициялык долбоорлорго көңүл бурууга чакырды.

“Биз сиздерди Кыргызстанда күтөбүз, Бириккен Араб Эмираттарынан инвестициялар келет деп ишенебиз ”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Абдуль Рахман Саиф Аль Гурайр Бириккен Араб Эмираттарынын бизнес-коомчулугунун атынан Алмазбек Атамбаевге жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу тараптардын эки тараптуу кызматташтыкка кызыктар экендигин ырастаганын белгиледи. Дубай Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ишкерлеринин кызматташтыгын активдештирүүнүн маанисин баса белгилеп, тарыхта Кыргызстандан жогорку деңгээлде делегациянын биринчи жолку сапары соода-экономикалык тармакта кыргыз-эмираттык кызматташтыктын өнүгүүсүнө дем берээрине ишеним билдирди.

Мамлекет башчысы Соода-өнөр жай палаталарынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди, алардын айрымдары өз кезегинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу максатында Кыргызстанга бара турган ниетин билдиришти.

Жолугушуудан кийин Президент Алмазбек Атамбаев дүйнөдөгү эң бийик Бурдж-Халифанын көрүүчү аянтчасына барды.

2014-жыл 7-декабрь