Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Премьер-министринин орун басары Шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына жасаган расмий сапарынын алкагында БАЭПремьер-министринин орун басары, БАЭ Президентинин иштери боюнча министр Шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян  мененжолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда өз ара кызыкчылык туудурган экономикалык кызматташуу боюнча конкреттүү пландар талкууланды.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономиканын келечектүү тармактарына токтолуп, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туурасында айтып берди. “Биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташуунун, биринчи кезекте экономика тармагындагы кызматташуунун  жаңы этабына киришишибиз керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

 Өз кезегинде Шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн, ошондой эле ишкерлер чөйрөсүнүн Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун ырастады. Тактап айтканда, транспорт жана логистика, кайра иштетүү жана айыл чарба өндүрүш  тармактарындагы  долбоорлорго кызыгуу жаралып жаткандыгын белгиледи.

Шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян жакын арада Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы Кыргызстанга барып, биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдей тургандыгын маалымдады.

2014-жыл 4-декабрь