Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар менен келди

Бүгүн, 2014-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарына келди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысынын өлкөнүн биринчи адамдары менен сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо болжолдонууда.

Тактап айтканда, Президент Алмазбек Атамбаев Абу-Дабинин Мураскор Принци, Бириккен Араб Эмиратарынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары Шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян, ошондой эле Премьер-миинистрдин орун басары, БАЭ Президентинин иштери боюнча министр Шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян менен жолугушат.

2014-жыл 4-декабрь