Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы Ахмад Мохамед Али Аль Мадани менен жолугушту

2014-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна расмий сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Ахмад Мохамед Али Аль Мадани менен жолугушту

Мекке шаарында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуусун өнүктүрүүнүн мындан аркы перспективалары каралды. Тактап айтканда, тараптар Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун абалын талкуулап, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашырылчу бир катар жаңы долбоорлорду белгилешти.

ИӨБ башчысы Президент Алмазбек Атамбаевге жакында Кыргызстанга жаңы бирлегешкен стратегиялык долбоорлорду изилдөө үчүн атайын миссия жөнөтөөрүн кабарлады.

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев ИӨБ башчысын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен ИӨБ башчысы Кыргызстанда биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысынын катышуусунда Кыргызстанга өлкөнүн алыскы райондорунда медициналык тейлөөнү жакшыртууга багытталган 5 мобилдүү клиниканы кайтарымсыз берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул долбоор болжол менен 10 млн. АКШ долларга бааланат.

2014-жыл 4-декабрь