Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын адистештирилген 19 мекемесине 7 250 000 сомдук материалдык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 3-декабрында, Майыптардын эл аралык күнүнө карата ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын адистештирилген мекемелерине  акчалай сертификаттар тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Президенттик социалдык колдоо жана коргоо фонддон жалпы суммасы 7 250 000 (жети миллион эки жүз элүү миң) сомдук материалдык жардам көрсөтүлдү. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын адистештирилген 19 мекемесине сертификат тапшырылды.

Буга чейин адистештирилген мекемелер жазган өтүнмөлөргө ылайык  керектүү турмуш-тиричилик приборлору жана жабдуулар, эмеректер жана жууркан, шейшептер сатылып алынат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан адистештирилген мекемелердин жетекчилерин жылуу кабыл алып, аларга балдарды тарбиялоого, окутууга жана руханий жактан өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы  калкты социалдык жактан коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бураарын, тактап айтканда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар дайым ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын белгиледи.

Балдардын адистештирилген мекемелеринин директорлору менен  аңгемелешүүнүн жүрүшүндө өспүрүмдөрдү медициналык жактан тейлөө, аларды кесиптик реабилитациялоо жана коомдук турмушка даярдоо маселелери козголду.

Балдардын адистештирилген мекемелеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге балдарга көрсөткөн камкордугу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Иш чарага  Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева дагы катышышты.

2014-жыл 3-декабрь