Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Эр-Рияд шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратын куруу жериндеги стелланын ачылышынын аземине катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 3-декабрында Эр-Рияд шаарында, Сауд Аравия Королдугуна расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык шаарчасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратын куруу жериндеги стелланын ачылышынын салтанаттуу аземине катышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев, Эр-Рияд шаарынын өнүктүрүү боюнча жогорку комиссиясынын Башкы директору Анас бин Абдульрахман Аль-Шейх, ошондой эле Эр-Рияд шаарында аккредитацияланган бир катар достук өлкөлөрдүн Элчилери катышышты.

2014-жыл 3-декабрь