Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Аравиянын Королу Абдалла бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушту

2014-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна расмий сапарынын алкагында Корол Абдалла бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоодого бекем негиз боло турган Кыргызстан менен Сауд Аравиянын элдеринин жалпы тарыхый тамырларын белгилешти.

Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү максатында Президент Алмазбек Атамбаев менен Сауд Аравиянын Королу Абдалла бин Абдель Азиз Аль Сауд биргелешкен ири инвестициялык фондду түзүү тууралуу макулдашышты.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгынын зор потенциалын жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанисин белгилешти.

2014-жыл 3-декабрь