Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Эр-Рияддын Соода-өнөр жай палатасында болду

2014-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна расмий сапарынын алкагында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарынын Соода-өнөр жай палатасында болду.

Мамлекет башчысы Сауд Аравия Королдугунун Соода-өнөр жай палаталарынын кеңешинин президенти доктор Абдурахман Аль-Замиль менен жолугуп, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташуусу боюнча конкреттүү пландарды талкуулады.

Абдурахман Аль-Замиль Алмазбек  Атамбаевди Эр-Рияддын Соода-өнөр жай палатасына келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, сауддук ишкерлер бир тууган Кыргызстанга көп мезгилден бери кызыгуу туудурганын баса белгиледи. Анын сөзүнө караганда эки тараптуу бизнес-байланыштардын анчалык активдүү болбой жаткандыгынын негизги себеби - эки өлкөнүн ортосундагы түз транспорттук байланыштын жоктугу, мындай жагдай колдогу мүмкүнчүлүктү толук ишке ашырууга жол бербей жатат.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн элдеринин жакындыгына, кызматташуу үчүн экономиканын түрдүү тармактарында зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтолду. Тактап айтканда Мамлекет башчысы Кыргызстанда өнөктөштөр менен бирдикте ишке ашырылып жаткан транспорттук, энергетикалык жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзгөн долбоорлор тууралуу айтып берди. Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кыргызстандын минералдык ресурстарын иштетүүдө жана туристтик чөйрөдө кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.

Президент Кыргызстанды географиялык жактан жакшы жайгашкандыгы транзиттик өлкө болууга мүмкүнчүлүк берген транспорт жана логистика жаатындагы долбоорлорго басым жасады.

Алмазбек Атамбаев менен Абдурахман Аль-Замиль Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда байланыш активдешерине ишенимин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эр-Рияддын Соода-өнөр жай палатасынын бир катар өкүлдөрү түрдүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даярдыгын билдиришти. Өз кезегинде Мамлекет башчысы  Кыргызстандын мамлекеттик  органдары алардын ишмердигине ар тараптан колдоо көрсөтөөрүнө ишендирди.

Сауд Аравиясынын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан жолугушуунун  алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туурасында бет ачар тартуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Эр-Рияд шаарынын Соода-өнөр жай  ортосунда ишкерлер кеңешин түзүү тууралуу меморандумга кол коюлду.

2014-жыл 3-декабрь