Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Аравиянын Мураскор Принци Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 2-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна расмий сапарынын алкагында Мураскор Принц Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушту.

Мураскор Принц Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд Кыргызстандын Мамлекет башчысынын көп жылдардан берки биринчи расмий сапарын кабыл алып жатып, Президент Алмазбек Атамбаевдин сапарынын Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосунда өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүдөгү маанисин белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосундагы саясый байланыштарды жөнгө салуунун жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун мааниси белгиленди.

Кыргызстандын Президенти менен Сауд Аравиясынын Мураскор Принци Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын Өкмөттөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенишүүгө дем берүүнүн зарылчылыгын баса белгилешти. Эки өлкөнүн ортосундагы экономика жана инвестиция  чөйрөлөрүндөгү өз ара карым-катнаштарында  зор мүмкүнчүлүктөр бар экендиги айтылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Мамлекет башчысы менен Мураскор Принцтин катышуусунда Кыргыз Республикасынын жана Сауд Аравия Королдугунун Өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашууга, эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосунда аба байланышы жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

2014-жыл 2-декабрь