Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Аравияга расмий сапар менен келди

Бүгүн, 2014-жылдын 2-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна расмий сапар менен келди.

Мамлекет башчысы расмий сапарынын алкагында Сауд Аравиясынын жогорку жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун абалын жана перспективасын талкуулайт.

Андан кийин Мамлекет башчысы расмий сапар менен Бириккен Араб Эмираттарына жана Катар Мамлекетине барат.

 

2014-жыл 2-декабрь