Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев:“Дүйнө коомчулугу Кыргызстанды кедей өлкө деп эсептебейт”

“Дүйнө коомчулугу Кыргызстанды кедей өлкө деп эсептебейт”, - деп билдирди  Президент Алмазбек Атамбаев Коомдук телерадио берүү корпорациясына берген интервьюсунда.

“Көпчүлүк, анын ичинде  жалпыга маалымдоо каражаттары бул маалыматка маани бербей калды. 2014-жылы Дүйнөлүк банк, чет элдик финансылык уюмдар расмий түрдө Кыргызстанды кедей мамлекеттердин тизмесинен чыгарып салды. Кыргызстан орто деңгээлдеги кирешеси бар өнүгүп бара жаткан мамлекеттердин тизмесине кирди”, - деди Мамлекет башчысы.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле диндин мамлекеттин ишине кийлигишүүгө жол берилбестигин, диний чөйрөдө мамлекеттин көзөмөлүн күчөтүү зарылчылыгына токтолду. Мамлекет башчысы  ар кандай сындарга жана имиштерге  карабастан мамлекеттеги эң орчундуу маселелердин бири катары  коррупцияга каршы күрөштү улантуу зарылчылыгын баса белгиледи.

Президент Кыргызстан элинин кызыкчылыктарында көп векторлуу балансташтырылган тышкы саясатты  ишке ашыруу жөнүндө кеп кылды. Өлкөнүн Евразия экономикалык союзуна кирүү маселелери туурасында кеп кылып келип, Мамлекет башчысы өнүгүү жана өсүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылган экономиканын секторлору туурасында  айтып берди.

Мамлекет башчысы ошондой эле «Кумтөр» долбоорунда Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоо боюнча өлкөнүн Өкмөтүнүн  алдында турган милдеттер туурасында дагы ойлорун ортого салды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен интервью кыргыз тилинде бүгүн, 2014-жылдын 1-декабрында КТРКда саат 22:15те, орус тилинде – «5 каналда» саат 20:00дө көрсөтүлөт.

2014-жыл 1-декабрь