Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна, Бириккен Араб Эмираттарына жана Катар Мамлекетине расмий сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 2-8-декабрында Сауд Аравия Королдугуна, Бириккен Араб Эмираттарына жана Катар Мамлекетине расмий сапар менен барат.

2014-жылдын 2-4-декабрында Мамлекет башчысы Сауд Аравияга расмий сапарынын алкагында өлкөнүн жогорку жетекчилиги, ошондой эле жогорку кызматтагы адамдар менен жолугушууларды өткөрүп, саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелердин абалы жана перспективасын талкуулайт.

Андан кийин 2014-жылдын 4-7-декабрында Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар жасайт. Анын алкагында Мамлекет башчысынын өлкөнүн биринчи адамдары менен сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо болжолдонууда.

2014-жылдын 7-8-декабрында Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Катар Мамлекетине барат. Өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспекттери жана өз ара кызыкчылык жараткан түрдүү тармактарда кызматташтыктын перспективасы талкууланат.

Мамлекет башчысынын сапарларынын алкагында соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу болжолдонууда.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Сауд Аравияга, Бириккен Араб Эмираттарына жана Катарга расмий сапарлары Кыргызстандын тарыхында жогорку деңгээлдеги биринчи жолку сапарлар жана эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жаңы дем берүүгө багытталган.

2014-жыл 26-ноябрь