Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 25-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министри Мамлекет башчысын Бельгия Королдугунун Брюссель шаарына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Иш сапарынын алкагында тышкы иштер министри Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосунда кызматташуу боюнча Кеңештин  кезектеги 13- жыйынына катышкан.

Эрлан Абдылдаев жыйындын алкагында эки тараптуу кызматташуунун түрдүү маселелери, ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн жылдын күзүндө Европа союзунун институттарына жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкуулангандыгын айтып берди.

 Тышкы иштер министри Европа союзу 2014-2020-жылдары өлкөдө демократиялык жана социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдү ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 184 млн. евро бөлүү тууралуу чечим кабыл алгандыгын маалымдады. Бул сумма  мурдагы мезгилге караганда 74 %га  көптүк кылат. Андан тышкары Европа союзу Кыргызстандын шайлоо системасын реформаны колдоого жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө 10 млн. евро бөлөт.

Президент Алмазбек Атамбаев Европа союзу менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн, түрдүү чөйрөдө, анын ичинде Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоо тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

2014-жыл 25-ноябрь