Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылдын 24-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Макулдашууга Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Мирлан Байгочоков менен Россия Федерациясынын финансы министринин орун басары Сергей Сторчак кол коюшту.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү жана Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерге катышуу шарттарына ыкташууда кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Фонддун каражаттары Кыргызстанга дагы, Россияга дагы пайда келтирген түрдүү тармактардагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга пайдаланылууга тийиш экендигин баса белгиледи. Президент логистика, кийим тигүү жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы жана ипотекалык кредиттөө тармактарындагы долбоорлор артыкчылыктуу багыттардан болуш керектигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев биринчи кезекте  атамекендик ишкерлерди колдоого алууга жана Кыргызстан Евразия экономикалык союзуна кирип жаткан шарттарда алардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган Өнүктүрүү фондунун ишин натыйжалуу уюштуруу зарылчылыгын белгиледи.

Фонддун уставдык капиталы - 500 млн. АКШ доллары. Алгачкы 100 млн. 2014-жылдын 31-декабрына чейин келип түшөт. 400 млн. доллар 2016-жылдын 29-майына чейин которулат. Андан тышкары россиялык тарап Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын шарттарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги жок эле 500 млн. АКШ доллар суммасына абдан жеңилдетилген займды Фонддун ишине тартуу боюнча милдетти өз мойнуна алууда.

Маалымдама: Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында кол коюлган евразиялык экономикалык интеграциянын шарттарында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу максатында  түзүлүүдө.

Фонд  Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда  экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, евразиялык экономикалык интеграцияга катышуу менен шартталган мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында уюштурулган.

Фонд Кыргыз Республикасынын территориясында катталган жана ишмердигин жүргүзгөн чарба субьектилерине займ берүү, капиталына катышуу жана башка финансылык инструменттерди пайдалануу жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы  өзүн-өзү актаган төмөндөгү тармактардагы долбоорлорду каржылайт:

- агроөнөржай комплекси;

- кийим тигүү жана текстиль өнөр жайы;

- кайра иштетүү өнөр жайы;

- тоо кендерин иштетүү жана металлургияөнөр жайы;

- транспорт;

- турак жай курулушу;

- соода;

-ишкердикти өнүктүрүү;

-инфраструктураны өнүктүрүү.

2014-жыл 24-ноябрь