Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен Швейцариянын Президенти Дидье Буркхальтер басма сөз кызматкерлерине билдирүү жасашты

Бүгүн, 2014-жылдын 22-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Швейцария Конфедерациясынын Президенти, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) азыркы Төрагасы Дидье Буркхальтер эки тараптуу жолугушуу аяктагандан кийин басма сөз кызматкерлерине билдирүү жасашты.

Президент Алмазбек Атамбаев Швейцариянын Президенти жана Тышкы иштер министри, ошондой эле ЕККУнун азыркы Төрагасы Дидье Буркхальтердин Кыргызстанга иш сапары өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери жогорку деңгээлдеги алгачкы  сапар экендигин белгиледи. “Дидье Буркхальтер мырзанын алгачкы иш сапары кыргыз-швейцариялык кызматташуунун 20 жылдыгына туш келгендиги абдан жакшы”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Талкуулаган бардык маселелер боюнча пикирлерибиз дал келди. Тактап айтканда, айрым талаштарды жаратып жаткан коомдук коопсуздукка тиешелүү маселенин долбоору боюнча  дагы консенсуска келдик. Биз аны 2015-жылдын аягына дейре созуп коюуну чечтик”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле Дидье Буркхальтерге Швейцариянын Кыргызстанга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Швейцария 2014-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмуна (ЕККУ) ийгиликтүү төрагалык кылгандыгын белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев ЕККУга төрагалык кылган мезгилде Швейцариянын европалык региондо коопсуздукту чыңдоо процессине кошкон салымына жогорку баа берди.

Өз кезегинде Дидье Буркхальтер Швейцариянын Президенти жана ЕККУнун азыркы Төрагасы катары Европа менен Азиянын ортосунда көпүрөсү болуп эсептелген Борбордук Азия өлкөлөрүнө сапарынын стратегиялык маанисин белгиледи. Дидье Буркхальтер түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Швейцария Кыргызстанга колдоо көрсөтөөрүнө терең ишенимин билдирди.

Мындан тышкары Дидье Буркхальтер Кыргызстанга 2015-жылдагы парламенттик жана 2017-жылдагы президенттик шайлоолорду өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. “Кыргызстан ЕККУ тарабынан жакшы колдоого татыктуу. Биз Кыргызстанга байланыштуу пландарыбыз жана үмүтүбүз зор”,-деди Дидье Буркхальтер.

Президент Алмазбек Атамбаев Швейцариянын Президентинин Кыргызстанга жасаган иш сапары эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстанда дагы, Швейцарияда дагы мунай менен газдын запастары жок, ошого карабастан Швейцария калктын турмуш деңгээлин жогорулатууга жана экономикасын өнүктүрүүгө жетише алды. “Демек, бул эң башкысы жаратылыш байлыктары эмес, адамдар жана стабилдүүлүк экендигин   ырастап турат”, - деди Мамлекет башчысы.

Эки өлкөнүн Президенттери белгилегендей, жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын март айында Швейцарияга сапар менен бараары тууралуу макулдашууга жетишишти.

Алмазбек Атамбаев экономика тармагында кыргыз-швейцариялык конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга ишенимин билдирди.

2014-жыл 22-ноябрь