Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Швейцариянын Президенти Дидье Буркхальтер менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 22-ноябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында,  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүзгө иш сапар менен келген Швейцария Конфедерациясынын Президенти, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) азыркы Төрагасы Дидье Буркхальтер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда  кыргыз-швейцариялык кызматташуунун маселелери талкууланды.

Алмазбек Атамбаев менен Дидье Буркхальтер ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартиптериндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Президент Алмазбек Атамбаев бийик даражалуу мейманды кабыл алып жатып: “Бул Швейцариянын Президентинин Кыргызстанга алгачкы сапары. Иш сапар эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуунун 20 жылдыгына туш келгендигин жакшы жышаан. Сиздин келишиңиз эки тараптуу  мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы түрткү берет деген жакшы ойдо турабыз”,- деди.

Өз кезегинде Президент Дидье Буркхальтер кыргыз-швейцариялык мамилелерди ырааттуу өнүгүп жаткандыгына канааттануусун билдирди. “Ортодогу мамилелер боюнча зор амбицияларыбыз бар. Биз мамилелерди тереңдетип, өнүктүрүп жатабыз”,- деди бийик даражалуу мейман.

Тараптар Президент Дидье Буркхальтердин сапары Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы мамилелерди эки тараптуу жана көп тараптуу форматта өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө катуу түрткү берет деген ишенимин билдиришти.

2014-жыл 22-ноябрь