Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2014-жылдын 22-ноябрында Швейцариянын Президенти Дидье Буркхальтер Кыргызстанга иш сапар менен келет

2014-жылдын 22-ноябрында Швейцария Конфедерациясынын Президенти, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) азыркы Төрагасы  Дидье Буркхальтер Кыргыз Республикасына иш сапар менен келет.

Сапардын алкагында 2014-жылдын 22-ноябрында Швейцариянын Президенти Дидье Буркхальтер Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушат.Президенттер кыргыз-швейцариялык кызматташтыктын абалын жана перспективасын талкуулашат.

Швейцариянын Президенти Дидье Буркхальтер ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууларды өткөрөт.

2014-жыл 21-ноябрь