Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын мамлекеттик коопсуздук министри Гэн Хуэйчанды кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 20-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик коопсуздук министри Гэн Хуэйчанды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды. Терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөштө мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн мааниси баса белгиленди.

2014-жыл 20-ноябрь