Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү салтанатына катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 19-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү салтанатына катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынындагы салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Турганбаев Мелис Токтомамбетович, Кыргыз Республикасынын маданият,  маалымат жана туризм министри Максутов Алтынбек Аскарович, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри  Турдубаев Кубанычбек Апышевич, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевич ант беришти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул мүчөлөрү буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыктары менен дайындалган.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев дагы катышышты.

2014-жыл 19-ноябрь