Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 17-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду  кабыл алды

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  2014-жылдын 14-ноябрында өлкөбүздүн Ысык-Көл облусунда болгон эпиборборунда 7 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Ысык-Көл облусундагы жер титирөөнүн, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттык сактоо обьектилериндеги кесепеттерин жоюу боюнча бардык күч-аракетти жумшоо милдетин тапшырды.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Архитектура, курулуш жана турак-жай чарба мамлекеттик агенттиги менен бирдикте   мүмкүн болчу жер тиртирөөлөрдө тобокелдиктердин алдын алуу максатында турак жай жана социалдык инфраструктура обьектилеринин курулуштарынын сапатын контролдоону  күчөтүү  зарылчылыгын баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  табыгий кырсыктын натыйжасында  өлкөбүздүн жарандарынын турак жайларына келтирилген чыгымды милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүүнү тездетүү керек экендигин белгиледи.

2014-жыл 17-ноябрь