Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Тоголок Молдо мектеп-интернатынын окуучуларына кийим комплекттери тапшырылды

Бүгүн, 2014-жылдын 15-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо мектеп-интернатынын окуучуларына спорт кийими жана бут кийим комплекттери тапшырылды.

“Жалпысынан Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча мектеп-интернатынын окуучуларына улуттук компания тарабынан ар бир окуучуга индивидуалдуу тигилген спорт кийими жана бут кийимдин 80 комплекти сатып алынган”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы Фарид Ниязов салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө.

Аталган максаттарга Мамлекет башчысынын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фондунан 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүнгөн.

2014-жылдын 3-октябрында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкеринин күнү белгиленээр алдында Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернатка барган учурда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан аталган окуу жайга жалпы суммасы 1 000 000 (бир миллион) сом жардам көрсөтүлгөн. Ушул иш-чаранын алкагында Мамлекет башчысы жогоруда айтылган мектеп-интернаттын окуучулары үчүн кошумча спорт кийимдерин сатып алуу боюнча тапшырма берген.

Маалымат:

Мамлекет башчысынын демилгеси менен № 71-жалпы билим берүү мектеби жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернаты болуп  кайра түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссиясы тарабынан жана Түркия Республикасынан кайрымдуулук фондунан бөлүнгөн каражаттар менен мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Мектеп заманбап техника, эмерек жана окуу үчүн керектүү шарттар менен камсыз кылынган.

2014-жыл 15-ноябрь