Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 60 жылдыгы менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары жана кызматкерлери!

Бардыгыңыздарды Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгы менен куттуктайм!

Кыргызстан Улуттук илимдер академиясынын тарыхы республиканын фундаменталдуу жана прикладдык илимин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон белгилүү окумуштуулардын жана адистердин ысымдарына тыгыз байланыштуу.

Бул жерде заманбап илимдин келечектүү тармактарында алдыңкы мектептер түзүлүп, өлкөнүн экономикасын инновациялык жактан өнүктүрүүгө зор мааниси бар өзгөчө технологиялар иштелип чыккан.

Өлкөбүздүн илимдер академиясында өз мезгилинде космостук эксперименттерде пайдаланылган түзүлүштөр жасалган. Кезинде Кыргызстандын экономикасы үчүн окумуштуулар жаңы технологияларды, тоо-кен өнөр жайы үчүн приборлорду, станокторду, машиналарды жана агрегаттарды, дары-дармектерди сунуштап турган.

Ошону менен бирге эгемендүүлүк жылдары Улуттук академияда көптөгөн көйгөйлөр, чечилбеген маселелер топтолду. Тилекке каршы илимий мекемелердин натыйжалуулугу төмөн. Окумуштуулардын ишмердиги турмуш талаптарынан алыстап, экономика тармактарынын күндөлүк муктаждыктарын ишке ашырууга багытталбай калган. Ушуга байланыштуу өлкөнүн илим системасын реформалоо боюнча чечкиндүү чаралар талап кылынууда.

Илим биринчи кезекте мамлекетти өнүктүрүүгө багытталууга тийиш. Учурда биз Кыргызстандын алдында турган орчундуу милдеттерди чечүүгө көмөктөшчү заманбап илимпоздорго, ачылыштарга жана иштеп чыгууларга муктажбыз. Илимий ишмердикти уюштурууда жаңыча мамиле жана иштиктүү чечимдер керек. Билим берүү, өндүрүш менен байланышты бекемдөө зарыл. Илим  элибизди эл аралык интеграция жолу менен алдыга - эркин жана гүлдөп өнүккөн мамлекет курууга көмөктөшкөн тармактардын бири болуп калууга тийиш.

Илимпоздорубуз куру намыска алдырбай, өлкөнүн кызыкчылыктарын жогору коюп, мезгил талабы менен кошо кадам таштап, Кыргызстан элине кызмат кылууга умтулат деп ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук жана бакубатчылык каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                Алмазбек Атамбаев

2014-жыл 14-ноябрь