Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын тапшырды

Бүгүн, 2014-жылдын 14-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Илим жана техника жагында мамлекеттик сыйлыктын лауреаттарына сыйлык тапшырды.

Лауреаттардын «Кыргыз Республикасынын алтын кендерин натыйжалуу жана коопсуз иштетүүнү илимий жактан камсыз кылуу» илимий эмгеги Кыргызстанда  кен иштетүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде алтын кендериндеги запастарды толук  иштетүүнү камсыз кылуунун, кен байлыктарынын өздүк наркын азайтып, көлөмүн арттыруунун ыкмалары иштелип чыккан.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасында алтын кендерин натыйжалуу жана коопсуз иштетүү боюнча аткарган иштери үчүн окумуштууларга ыраазычылык билдирип, Илим жана техника жагында 2014-жылдагы мамлекеттик сыйлыктын ыйгарылышы менен куттуктады.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктын лауреаттарынын эмгеги өндүрүшкө ийгиликтүү киргизилишине токтолуп, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгиледи. “Сиздердин илимий иштер «Жерүй», «Чаарат», «Андаш», «Терекан», «Насоновское» алтын кен долбоорлоруна киргизилип, иштеп жаткан “Макмал”, “Күмтөр” алтын кен өндүрүшүндө падаланылууда. Бул иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруу ишканаларга алтынды жерден 70% чейин алып чыгууга  жол ачып, өлкөбүздүн улуттук экономикасын өнүктүрүүгө кошкон реалдуу салымыңыздар болуп калды”,-деди Мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысы акыркы жыйырма жылда  илимий ишмердиктин кадыр-баркы төмөндөп кеткендигин өкүнүч менен белгиледи, мунун обьективдүү да, субьективдүү дагы көптөгөн себептери бар. “Бизде таланттуу окумуштууларыбыз, билимдүү жаштарыбыз арбын. Илим чөйрөсүндө жандануу башталгандыгына карабастан, илимде жогоруда биз айткан мисалдай реалдуу жетишкендиктер аз болуп жатат. Абдан аз”, - деп баса белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар олуттуу кемчиликтери бар, өнүктүрүүгө тоскоолдук кылып жаткан  илимдин азыркы уюштуруу жана каржылоо системасын реформалоо зарылчылыгын баса белгиледи.

“Илимдин азыркы уюштуруу жана каржылоо системасы совет доорунда, Илимдер академиясынын тармактуу  системасы турган кезде  жакшы эле. Бирок бүгүн мына ушул олдоксон жана натыйжасыз система илимдин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып, турмуштун өзүнө каршы туруп калды”, - деп Мамлекет башчысы илимий изилдөөнү финансылоо механизми илимий эмгектин актуалдуулугун жана өзгөчөлүгүн эске алууга тийиш экендигин кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев белгилегендей, илимий ишмердик экономика тармактарынын практикалык талаптарын ишке ашырууга багытталууга тийиш. “Илим мамлекеттин маанилүү маселелерин чечүүгө, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана элдин турмушун жакшыртууга көмөктөшүүгө тийиш”, - деди Мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысы окумуштууларга кайрылып, мамлекеттин жаркын келечеги үчүн илимий ишмердикти уланткыла деген каалоосун билдирди.

«Кыргыз Республикасынын алтын кендерин натыйжалуу жана коопсуз иштетүүнү илимий жактан камсыз кылуу» эмгеги үчүн «Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам Атабек Алибаевге, Камчыбек Кожогуловго, Ольга Никольскаяга, Кушбакалы Тажибаевге, Бурулкан Толобековага, Кеңешбек Үсөновго жана Салават Усмановго ыйгарылды.

Жолугушуунун соңунда Президент Алмазбек Атамбаев окумуштууларга жаңы илимий жетишкендиктерди жана чың ден-соолук каалады.

2014-жыл 14-ноябрь