Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын 20 жылдыгы менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын негизделишинин 20 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Уюшулган күндөн тартып сиздердин мекеме калыптануунун жана өнүгүүнүн татаал жолун басып өттү. Мамлекетибиз менен кошо сиздер дагы бир катар кыйынчылыктарды, сыноолорду баштан кечирдиңиздер.

Азыркы шарттарда Иш башкармалыгы кыйла калыптанып, жооптуу милдеттерди аткарууга жөндөмдүү мекемеге айланып калды. Эгемендүү Кыргызстан эл аралык ири иш-чараларды, жогорку деңгээлдеги мамлекеттик жана эл аралык жолугушууларды, расмий иш сапарларды, форумдарды жана башка маданий иш-чараларды даярдоодо жана уюштурууда сиздер жооптуу милдет өтөп жатасыздар. Айрыкча Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жыйынын, дүйнөлүк державалардын бийик мартабалуу мамлекет башчыларынын расмий сапарларын даярдоодо жана өткөрүүдө сыналып, такшалдыңыздар.

Иш башкармалыгынын бардык түзүмдөрүнүн кызматкерлери - жакшы даярдыктан өткөн адистер. Cиздер мамлекеттин жогорку бийлик органдарынын ишин тейлөө жана камсыздоо үчүн татыктуу эмгектенип жатасыздар. Бул эмгегиңиздер үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем.

Кыргызстан  азыр жаңылануунун, реформалардын жолуна түшүп, укуктук мамлекет курууга багыт алды. Ушул жагдай сиздердин ишиңиздерге дагы бир топ талаптарды коюп жатат. Өзгөчө ишмердикти ачык-айкын жүргүзүү, көрсөтүлгөн кызматтын сапатын арттыруу, коомчулуктун көзөмөлүн жакшыртуу жагында көп  милдеттер бар.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы алдыда турган жооптуу милдеттерди аткарууда бийик жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү жана  ынтызарлыкты көрсөтөт деп ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук жана ишиңиздерге ийгилик каалайм.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                         Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 13-ноябрь