Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Талгат Бигельдиновдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Бүгүн, 2014-жылдын 12-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Бигельдинов Талгат Якубековичтин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

“Үй-бүлөңүздөрдүн башына түшкөн оор кайгыны тең бөлүшөм. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өз атымдан терең кайгыруу менен көңүл атуумду кабыл алууңуздарды өтүнөм. Биз орду толгус жоготууга учурадык - 93 жашында Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Бигельдинов Талгат Якубекович дүйнөдөн кайтты”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев атактуу учкуч-штурмовиктин өмүрү Мекенге чындап берилгендиктин, каарман эрдиктин жана өз өмүрүн курмандыкка чалууга даярдыктын үлгүсү болгондугун белгиледи.

 “Талгат Якубековичтин тагдырында жалпы Советтер Союзунун, бардык жеңүүчүлөр муунунун тагдыры чагылдырылган. Баатырдын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында

Талгат Бигельдинов 1922-жылдын 5-августунда Пишпек шаарында (азыркы Бишкек) туулган. 1940-жылдан баштап Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөгөн, Оренбург аскер авиациялык мектебин бүтүргөн.

2014-жыл 12-ноябрь